Тез жардам унааларын сатып алууга 2022-жылдын башындагы бюджеттик каражаттардын эсебинен 169,3 миллион сом бөлүндү. Тиешелүү чечимге Министрлеркабинетининтөрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Маалыматка ылайык, бул бюджеттик каражаттар “Акылдуу шаар” долбоорунун” Коопсуз шаар” компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган Жолдо жүрүүнүн жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө токтомуна ылайык бөлүнгөн.