«Кумтөр» «Улуу көчмөндөр мурасы» холдингине дээрлик 2 млн $ короткон

03.02.2023, 15:40 Акчабар
«Кумтөр» «Улуу көчмөндөр мурасы» холдингине дээрлик 2 млн $ короткон

Эсеп палатасы "Кумтөр Голд Компаниянын" 2021-жылдын 17-майынан 2022-жылдын 30-июнуна чейинки тышкы башкаруу мезгилине аудит жүргүздү.

Документке ылайык, "КГК" ЖАКтын тышкы башкаруусу аралыгында "Улуу көчмөндөрдүн мурасы" улуттук холдинг компаниясы" ААКтын чыгымдары 1 млн 908,8 миң долларга каржыланган.

Холдинг тарабынан "КГК" ЖАКтын каражатынын эсебинен 32 долбоор ишке ашырылууда. Алар: "Аврора" санаториясын модернизациялоо, бөтөлкөлөнгөн суу чыгаруу, Каракол шаарындагы аэропортту реконструкциялоо, Каприз тоо-лыжа отелин модернизациялоо жана беш жылдыздуу заманбап отель, мрамор чыгаруучу завод куруу жана Каракол шаарындагы ипподромду реконструкциялоо жана башкалар.

Аталган долбоорлорду ишке ашырууга "КГК" ЖАК тарабынан 1 млн 908,8 миң доллары өлчөмүндө каражат сарпталган, анын ичинен чет элдик жана жергиликтүү жумушчулардын, ошондой эле келишимдик негизде иштеген жумушчулардын эмгек акысы гана 1 млн 731,7 миң долларды түздү.

Көрсөтүлгөн долбоорлорду "КГК" ЖАКтын эсебинен каржылоо тууралуу чечим ошол кездеги убактылуу тышкы башкаруучу Теңгиз Бөлтүрүк тарабынан кабыл алынган.

Долбоорлор азыркы убакка чейин жүзөгө ашырылбаган бойдон калууда, ошону менен келтирилген чыгым "КГК" ЖАК жана жалгыз акционер "Кыргызалтын" ААКтын каржылык ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизген.

Эске салсак, "Улуу көчмөндөрдүн мурасы" улуттук холдинги 2021-жылдын декабрь айында түзүлгөн. Жалгыз уюштуруучусу Каржы министрлиги болгон. 2022-жылдын аягында министрлер кабинети холдингди жоюп салган.

"Кумтөр Голд Компания" ЖАКтын мурдагы тышкы менеджери Тенгиз Бөлтүрүк 2023-жылдын 10-мартына чейин камакта калтырылды. Ал "Кумтөр Голд Компания" ЖАКтагы коррупциялык кылмыштар фактысы боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында кармалган.

Учурда ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайында камакта.

Тэги: новости Кыргызстана Кумтор Наследие кочевников ущерб деньги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу