Кыргызстанда 2022-жылдын 10 айында жалпы аянты 876,6 миң чарчы метрди түзгөн 7246 жеке турак жай пайдаланууга берилди. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,1%га көп. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.
Пайдаланууга берилген жеке турак жайдын негизги үлүшү (жалпы көлөмдүн 81,6%) Ош, Жалал-Абад, Чүй жана Ысык-Көл облустарына, ошондой эле Бишкек шаарына туура келет.
Айыл жеринде 592,9 миң чарчы метр жеке турак жай пайдаланууга берилди. Ал пайдаланууга берилген жердин жалпы көлөмүнүн 67,6%ын түзөт.