Депозитке акча салгандардын 80%ы Бишкекте

28.10.2022, 15:11 Акчабар
Депозитке акча салгандардын 80%ы Бишкекте

Быйыл экинчи жарым жылдыкта Кыргызстандын коммерциялык банктарындагы депозиттердин көлөмү 254 миллиард 346 миллион 511 миң сомду түздү. Бул тууралуу тиешелүү мекеме билдирди.

Жыл ичинде комбанктардын депозиттик базасы 23,44%га өскөн. Бардык аймактарда өсүш болуп, анын ичинен эң жогорку көрсөткүч Жалал-Абад облусунда катталган, +33,47%. Эң аз өсүш Чүй облусунда, болгону 9,7%ды түзгөн.

Бардык депозиттердин 79,35%ы Бишкек шаарында, ал эми эң аз депозит Нарын (2 млрд 234,3 сом) жана Талас облустарында (2 млрд 220,3 млн сом) бар.

Ошондой эле, Бишкек юридикалык жактардын депозиттери физикалык депозиттерге караганда (5 млн 356,5 миң сомго) басымдуулук кылган өлкөдөгү жалгыз регион болуп саналат.

Тэги: новости Кыргызстана депозиты комбанки экономика деньги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу