Мамлекеттин кепилдиги менен айыл чарбасына 1,25 млрд сом насыя берилди

25.08.2022, 11:12 Акчабар
Мамлекеттин кепилдиги менен айыл чарбасына 1,25 млрд сом насыя берилди

Мамлекеттик кепилдиктин алкагында “Кепилдик фонду” ААК тарабынан 1 миллиард 250 миллион сом насыя берилип, каражат айыл чарбасына жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө багытталган.

Ушул жылдын жети айында өлкөнүн 300дөн ашык ишкерлери “Кепилдик фонду” ААКнын кепилдиктерин пайдаланышты, анын 88%ын аймактардан келген бизнес өкүлдөрү түзөт.

710 миллион сомдон ашык суммага гарантиялык колдоо көрсөтүлүп, 2,7 миллиард сом өлчөмүндө кредиттик ресурстарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылган.

“Жети айдын жыйынтыгы боюнча аткарылган иштердин талдоосу көрсөткөндөй, айыл чарба жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча берилген кепилдиктердин суммасы кепилдиктердин жалпы суммасынын 46%ын түзүп, 343 млн сомго жеткен. Бул тармактарга берилген кредиттердин көлөмү 1 миллиард 250 миллион сомдон ашты”, - деп белгилешти фонддон.

Мында кызмат көрсөтүү, курулуш жана соода чөйрөсүндө кепилдиктер менен камсыздалган кредиттик каражаттар 1,13 млрд. сом көрсөткүчү менен кредиттердин жалпы көлөмүнүн 42%ын түздү.

“Кредиттердин калган бөлүгү, анын үлүшү 312 млн сомдук көрсөткүч менен 12%ды түзгөн, өнөр жайды, транспортту жана башка кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүгө туура келет”, - деп айтылат маалыматта..

Тэги: сельское хозяйство госгарантии Гарантийный фонд

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу