Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун дирекциясынын мурдагы жетекчиси камакка алынды

14.03.2023, 16:24 Акчабар
Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун дирекциясынын мурдагы жетекчиси камакка алынды

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун мурунку башчысы жана курулуш компаниянын директору кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Ысык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө 2017-жылы Ысык-Көл районунун Ананьево айылына футбол аянтчасын куруп жаткан курулуш компаниясына Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун башкаруу боюнча дирекциясынын кызмат адамдары акча каражаттарды мыйзамсыз которуп беришкендиги аныкталган.

Аталган факты боюнча прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин алкагында шектүү катары Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондунун дирекциясынын мурдагы башчысы С.Р.К. жана курулуш компаниясынын директору Д.А.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда бул кылмышты жасоого тиешеси бар бардык адамдарды аныктоого багытталган тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Тэги: новости Кыргызстана новости экономики экономика прокуратура Иссык-Кульский фонд развития

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу