Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жол долбооруна кол коюлду

15.09.2022, 09:59 Акчабар
Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жол долбооруна кол коюлду

Өзбекстандын Самарканд шаарында 14-сентябрда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин аянтчасында Кыргызстандын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Өзбекстандын Транспорт министрлиги, Кытай Эл Республикасынын Өнүгүү жана реформа боюнча мамлекеттик комитетинин ортосунда “Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай” темир жолунун курулуш долбоору боюнча кызматташуу боюнча Макулдашууга кол коюлду (Кыргызстандын аймагындагы тилке). Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Макулдашууга транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев, Өзбекстандын транспорт министри Илхом Махкамов жана видеоконференция форматында катышкан КЭР өнүгүү жана реформа боюнча мамлекеттик комитетинин Төрагасы Хэ Лифэн кол койду.

Документте Кыргыз Республикасынын аймагындагы  тилкеде “Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад” каттамынын бириктирилген варианты боюнча “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин ийгиликтүү бүтүрүүгө биргелешип көмөк көрсөтүү каралган.

Тараптар активдүү кызматташат жана Кыргызстанда жүргүзүлө турган  техникалык-экономикалык негиздеме боюнча Кытай темир жол корпорациясынын Биринчи долбоорлоо-изилдөө институтуна биргелешип колдоо көрсөтүшөт.

Техникалык-экономикалык негиздеме боюнча бардык иштерди аяктоо мөөнөтү (баалоо жүргүзүү убактысын кошкондо) - 2023-жылдын 1-июнунан кеч эмес.

Тараптар техникалык-экономикалык негиздеменин каржылоосун үч тараптуу келишим түзүү жолу менен ТЭНге кеткен чыгымдарды Тараптардын ортосунда бирдей үлүштө бөлүштүрүүнү ниеттенишет.

"Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолунун курулушу Кыргыз Республикасынын транспорт тармагындагы маанилүү долбоор болуп саналат.

Жаңы темир жол коридору Евразиянын континенталдык көпүрөсүнүн түштүк бутагы болуп, Түштүк-Чыгыш, Батыш Азия, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө жол ачат.

 Бул каттам Кытайдан жүктөрдү Кыргызстанга, ошондой эле Борбордук Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө, анын ичинде Түркия жана Евробиримдикке жеткирүүнү камсыздайт.

Долбоор транзиттик жүк ташуунун эл аралык рыногунда атаандаштыкка туруштук берүүнү аралыктын жана жүк жеткирүү убактысын кыскартуу аркылуу арттырат.

 Долбоорду ишке ашыруу Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө жалпы социалдык-экономикалык оң таасирин тийгизет жана  калкка транспорттук кызмат көрсөтүүнү кеңейтүүгө,  транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө таасир этет.

Тэги: железная дорога соглашение Китай-Кыргызстан-Узбекистан новости Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу