Германиядан айыл чарба техникаларын алып келүү боюнча келишимге кол коюлду

13.06.2022, 13:27 Акчабар
Германиядан айыл чарба техникаларын алып келүү боюнча келишимге кол коюлду

“Германиянын экономика күнү” бизнес-форумунда Кыргызстан менен Германиянын ортосунда бир катар эки тараптуу документтерге, анын ичинде Германиядан айыл чарба техникаларын жеткирүү боюнча келишимдерге кол коюлду.

“Айыл Банк” ААК, Германиянын CLAAS Global Sales GmbH компаниясы жана “Машина трактор станциясы Стандарт Агросервис” ЖЧКсынын ортосунда айыл чарба техникаларын жеткирүү боюнча келишимге кол коюлду.

Айыл чарба техникаларын жеткирүү боюнча экинчи келишимге “Кыргызстандагы Райфайзен кооперативдик өнүктүрүү фонду” коомдук фонду, Германиянын CLAAS Global Sales GmbH компаниясы жана “Машина трактор станциясы стандарт агросервис” ЖЧК ортосунда кол коюлду.

Ошондой эле бизнес-форумда Кыргызстандын Улуттук инвестициялык агенттиги Германия экономикасынын өкүлчүлүгүнүн ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу меморандумуна кол коюшту.

Кыргызстандын Улуттук инвестициялык агенттиги уюмдар үчүн программалык камсыздоону чыгарган Германиянын SAP Deutschland компаниясы менен өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу боюнча меморандумга кол койду.

Тэги: Германия Кыргызстан бизнес-форум сельхозтехника

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу