Бишкек—Балыкчы поезди 15-августтан тарта жанданат

12.08.2022, 16:20 Акчабар
Бишкек—Балыкчы поезди 15-августтан тарта жанданат

Бишкек—Балыкчыбагыты боюнча республика ичиндеги жүргүнчүлөрдү ташуучу поезд 15-августтан тарта жанданат. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы билдирди.

Ал борбордон Бишкек-2 станциясынан саат 7.40та чыгып, Рыбачье станциясына 11.42де келет. Поезд Рыбачье станциясынан кайра саат 17.48де жөнөп, Бишкек-2 станциясына 21.50дө келет.

Билеттердин баасы вагонуна жараша өзгөрөт: кадимки вагон – чоңдор үчүн 150 сом, балдар үчүн 73 сом, люкс вагону – чоңдор үчүн 500 сом, балдар үчүн 250 сом.

Эске салсак, Боом капчыгайындагы селдин кесепеттеринен улам Бишкек—Балыкчы поезди убактылуу токтотулган.

Тэги: пассажирский поезд Иссык-Куль Кыргыз темир жолу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу