Кыргызстанда үч айда малдын саны 7,1%га өстү

11.04.2024, 14:35 Акчабар
Кыргызстанда үч айда малдын саны 7,1%га өстү

Үч айдын ичинде 191 миңден ашык бодо мал идентификацияланды. Бул тууралуу Суу жана айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жыл башынан бери өлкөдө төлдөрдү идентификациялоодо 181,3 миң баш ири мүйүздүү мал, 1,3 миң баш чочко, 8,9 миң баш жылкы идентификациядан өтүп, Жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасына (мындан ары – ЖИКС) каттоого алынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. 

Топтук идентификациялык номер ыйгаруу менен жаныбарларды идентификациялоо боюнча 55 үй канаттуулар чарбасында 142 үй канаттуулар фермасы, 1433 аары багуучу чарбада 94,1 миң аары бал челектер, 415 чарбада 1754 көлмөлөр идентификациядан өткөрүлүп, ЖИКС маалыматтык тутумуна киргизилди.

Тэги: экономика новости Кыргызстана скот

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу