Чек арачылар дары-дармектин аткезчилигин токтотту

24.08.2021, 11:00 Акчабар
Чек арачылар дары-дармектин аткезчилигин токтотту

Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары УКМК жана ИИМдин кызматкерлери менен бирге контрабандалык жүктү мыйзамсыз ташууну токтотту. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Чек ара кызматкерлери УКМК жана ИИМ менен биргеликте Кожо-Бакырган каналы менен бара жаткан "Мерседес-Бенц спринтер" унаасын кармашты.

Унааны текшерүү учурунда тиешелүү документтери жок 175 куту дары-дармек табылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, дарынын баасы 2 миллион 680 миң сомду түзгөн.

Жүктү мыйзамсыз алып өтүүгө Кыргызстандын 1994-жылы туулган эки жараны аракет кылган.

 

 

Тэги: экономика пограничная служба ГКНБ МВД

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу