Эмгекке жарамдуу калктын жарымы мектепти гана бүткөн

04.11.2022, 16:47 Акчабар
Эмгекке жарамдуу калктын жарымы мектепти гана бүткөн

Кыргызстандын эмгекке жарамдуу калкынын дээрлик 50%ы орто гана билимге ээ. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин “Иш менен камсыз кылуу жана жумушсуздук. Үй чарбаларынын бюджетин жана жумушчу күчүн комплекстүү тандап текшерүү” аттуу изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөттү. 

Изилдөөгө ылайык, “жумушчу күчү” категориясына кирген кыргызстандыктардын 49,7% орто (толук) жалпы билимге ээ. Эмгекке жарамдуу кыргызстандыктардын 21,8% жогорку кесиптик билимге, 1% толук эмес жогорку билимге, 11,7% орто кесиптик билимге, 7,9% башталгыч кесиптик билимге, 6,8% негизги жалпы билимге ээ. Кыргызстандын эмгекке жарамдуу жарандарынын 1,1%ынын башталгыч жалпы билими жок.

Ошол эле учурда, эмгек рыногунда жогорку билимдүү эркектердин үлүшү аялдардыкынан төмөн. Эмгекке жарамдуу эркектердин жалпы санынын 18,7%ы гана жогорку окуу жайын бүтүргөн. Ал эми аялдар арасында бул көрсөткүч 26,9 % жогору.  Орто кесиптик билимге ээ эркектер 8,3%, ал эми аялдар 17%ды түзөт.

Кошумчалай кетсек, 2021-жылдагы изилдөөдө Кыргызстанда 2 миллион 680,5 миң эмгекке жарамдуу адам бар экендиги белгиленген.

Тэги: новости Кыргызстана экономика рынок труда

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу