Коммерциялык банктарга тиешелүү банкоматтарда, өткөн жылдын IV кварталынын жыйынтыгы менен 143.9 млрд сом бар. 2019-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу көрсөткүч 27.6% жогорулаган. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Регулятордун маалыматына ылайык, коммерциялык банктардын эсебинен отчеттук мезгил убагында 639.3 млрд сом берилген. Өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу өсүү 7.2% түзгөн.
Улуттук банк белгилеп кеткендей, коммерциялык банктардын филиалдарында, сактык кассаларында жана алмашуу бюролорунда жалпысынан 278,4 млрд сом бар. Кызмат көрсөтүү жана аткарылган жумуштар үчүн - 27,5 млрд сом төлөнгөн, 37,1 млрд сом - жергиликтүү акча которууларга бөлүнгөн.
Андан сырткары, чет элдик валютанын сатылып алынышы 54.8 млрд сомду түзгөн. Бул көрсөткүч 2019-жылдын IV кварталында 61.3 млрд сомду түзсө, бул жылы 10.6% төмөндөгөн.