Электромобилди чыгаруучу Tesla алгачкы электрдик орточо көлөмдөгү оор жүк ташуучу Cybertruck чыгарды. Мындан соң компаниянын акциясы 750 млн $ кыскарды, деп жазат Forbes.
Компаниянын негиздөөчүсү Илон Маск, электромобилдин сапаттуулугуна кепилдик берүүдө. Бирок, жол тандабасты таныштыруу учурунда, дизайнер автоунаанын терезесине металлдык шарды биринчи ыргытканда жарака, экинчи жолкусунда терезе сынып калган. Буга карабастан аналитиктер бул пикапка болгон суроо-талап жогору болооруна ишеним артып турушат.