Июль жана август айларында Эл аралык валюта фондунан республикалык бюджетке колдоо Каржы министрлигинин кассалык планына ылайык 1 миллиард 785 миллион 376 миң сом өлчөмүндө пландаштырылган.
Анын ичинен 1 млрд 59 млн 578,4 миң сом июль айынын бюджетинде “ЭВФ – атайын карыз алуу укугу, тышкы карызды тейлөө” категориясы боюнча, дагы 725 млн 797,6 миң сому ушул эле категория боюнча – августта каралган.
Кошумчалай кетсек, июль айында ЭВФтин колдоосу республикалык бюджеттин ресурстарынын жалпы түзүмүндө 4,5%, августта 3,2% болушу керек болчу.