Баткен облусунда жабыркаган ишкерлерге 0,1% менен насыя берилет

21.12.2021, 10:42 Акчабар
Баткен облусунда жабыркаган ишкерлерге 0,1% менен насыя берилет

Мамлекеттик колдоонун алкагында Баткен облусунун ишкерлери жеңилдетилген насыяларды жана бир жолку төлөмдөрдү алышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Сейилбек Урустемов билдирди.

Анын айтымында, министрлер кабинетинин токтому менен 2021-жылдын 28-30-апрелиндеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында Баткен облусунун чарбакер субъекттерине келтирилген зыяндын ордун толтуруу тартиби бекитилди.

"Анда жабыркаган 76 ишкерге жылына 0,1% менен 200 миң сомдон бюджеттик насыя берүү каралган. Акча күрөөсүз негизде, үч жыл төлөө мөөнөтү менен берилет. Ошондой эле жабыр тарткан ишкерлерге келтирилген зыян үчүн жалпы суммасы 14,5 миллион сом өлчөмүндө бир жолку компенсация бөлүп берүү каралган", - деди Урустемов.

Ал кошумчалагандай, жарлыкка ылайык, буга чейин Лейлек жана Баткен райондорунун 52 чарба жүргүзүүчү субъектилерине 200 миң сомдон бир жолку компенсация, дагы 44 субъектиге жеңилдетилген өлчөмдөгү бюджеттик насыя берилген.

Тэги: льготные кредиты Баткенская область Кыргызстан Баткенские события

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу