Быйыл Кыргызстан пландалгандан 26,4%га азыраак дивиденд алат

23.01.2022, 11:03 Акчабар
Быйыл Кыргызстан пландалгандан  26,4%га азыраак дивиденд алат

2022-жылы республикалык бюджетке мамлекеттик акциялардын пакети боюнча чегерилген дивиденддер түрүндө 1 млрд 987,3 млн сом түшүшү керек. Мындай маалыматты Каржы министрлигинен билдиришти.

 Белгилей кетсек, 2022-жылдын акыркы бюджетинде дивиденддердин түшүүсү боюнча маалыматтар такталган жана дээрлик үчтөн бирине же 712,7 млн сомго аз каралган.

 Алсак, өткөн жылдын январында 2021-жылга бюджетти жана 2022-2024-жылдарга болжолунда бекитилген казынага мамлекеттик акциялардын пакети боюнча чегерилген 2,7 млрд сом өлчөмүндө киреше түшүүсү күтүлгөн.

Эмнеден улам дивиденддердин түшүүсүнүн болжолу азайып жатканы түшүнүксүз. Балким, бул мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча масштабдуу программага байланыштуу болсо керек, анын алкагында айрым мамлекеттик ишканаларды жана мамлекеттик үлүшү бар ишканаларды сатуу пландаштырылууда. Алардын арасында MegaCom улуттук оператору да бар.

Тэги: дивиденды госпакет акций бюджет деньги Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу