Товар жана кызматтарга болгон керектөөчү баалардын ЕАЭБ боюнча индекси 2021-жылдын январь айында, 2020-жылдын декабрь айына салыштырмалуу 0.7%, 2020-жылдын январь айына салыштырмалуу 5.7% түзгөн. Бул тууралуу ЕЭКтен билдиришти.
ЕЭКтин маалыматына ылайык, 2020-жылдын январь айына салыштырмалуу баа Кыргызстанда 10.1% жогорулаган. Азык-түлүктөргө баа 16.2% жогорулаган, азык-түлүктөн сырткаркы баалар - 3%, акылуу кызматтарга баа - 2.8% жогорулаган.
Экинчи орунда Белорусия - индекстин көрсөткүчү 7.7%, Казакстан - 7.4%, Россия - 5.2%, Армения - 4.5% түзөт.