Энергетика министрлигинин алдында “Кыргызтранснефтегаз” мамлекеттик ишканасы түзүлдү. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кол койду.
Жаңы ишкананын негизги функциялары:
- мунай жана газ өндүрүүчү ишканалар тарабынан мунай жана газ өндүрүү көлөмүн көбөйтүүгө багытталган иш-аракеттер;
- отун-энергетика комплексин Кыргыз Республикасындагы кендерден өндүрүлгөн газды керектөөгө өткөрүү үчүн шарттарды түзүү;
- мунай менен газды сактоо, кайра иштетүү, ташуу жана сатуу;
- Кыргыз Республикасынын мунай жана газ тармагындагы келечектүү ишканаларды модернизациялоого жана андан ары өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
- менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактарга мунай жана газды ички рынокто да, өлкө чегинен тышкары сатуу;
- мунай жана газ өндүрүүчү ишканалардын газ өткөргүч системасына кошулуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу.
“Кыргызтранснефтегаз” МИге Ош жана Баткен филиалдары, ошондой эле “Сох жаратылыш газ кампалары” кирет.