Армения Кыргызстанга пайызсыз насыя берет

25.11.2022, 16:19 Акчабар
Армения Кыргызстанга пайызсыз насыя берет

Армения өкмөтү Кыргызстанга 5 жылга чейин пайызсыз насыя берет. Ал эми Кыргызстан Арменияга бул каражатка өндүрүлгөн продукцияны берет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди. 

Жапаровдун айтымында Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен макулдашуу боюнча каражат Баткен районунун 500 гектарына өрүк көчөттөрүн отургузууга бөлүнөт. 

“Учурда адистер келишүүдө. Азырынча Баткенге же Лейлекке отургузууну тактап жатышат. Интенсивдүү бакча үчүн көчөттөрдү Италиядан алып келебиз. Ошондой эле Баткен өнүктүрүү фондунун эсебинен тамчылатып сугаруу системасын орнотобуз”, - деди ал.
Өкмөт башчы Армения берген насыянын суммасын атаган жок.

 

Тэги: новости Кыргызстана Армения беспроцентный кредит интенсивный сад Баткенская область

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу