Өкмөт «Айыл чарбасын каржылоо» боюнча механизмди жакшыртат

11.09.2019, 18:20 Акчабар
Өкмөт «Айыл чарбасын каржылоо» боюнча механизмди жакшыртат

«Айыл чарбасын каржылоо» программасын ишке ашыруу механизмдери жакшыртылышы керек. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кеңешмеде билдирди.
Өкмөт башчы белгилегендей, «Айыл чарбасын каржылоо» программасы аймактарды өнүктүрүү үчүн иштөөгө тийиш.

«Айыл чарбасын каржылоо» программасы боюнча алынган каражаттарды максатсыз пайдалануу учурлары бар. Мисалы, фермерлер породаларды жакшыртууга, малдын башын көбөйтүүгө же өсүмдүк өстүрүүнү өнүктүрүүгө насыя алышат. Бирок бул акчалар кийин башка максаттарда пайдаланылат. Бүгүн бир дагы тийиштүү мамлекеттик органдын бөлүнгөн каражаттар эмнеге жумшалары тууралуу конкреттүү маалыматы жок. Берилген насыялардын кайтарымдуулугуна гана эмес, аларды максаттуу пайдалууну жөнүндө тынчсыздануу керек», – деп баса көрсөттү Өкмөт башчы.

«Айыл чарбасын каржылоо» программасын өркүндөтүү үчүн жаңы долбоор иштелип чыккан. Анда эки категорияны киргизүү каралган. Бул «Айыл чарбасын каржылоо – фермер» категориясы, ал социалдык багытта болуп, майда бизнес үчүн күрөөсүз топтук насыяларды алууга арналат. Экинчи категория – «Айыл чарбасын каржылоо – кластер». Бул линия 10 млн сомго чейин алуу мүмкүндүгү менен аймактын кластердик потенциалын өнүктүрүүгө багытталган. Ошону менен бирге жаңы долбоорду каржылоонун модели дагы өзгөрөт.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 10 иш күнүнүн ичинде келечекке карата болжолдуу талдоосу менен долбоорду иштеп чыгууну жана тиешелүү токтом долбоорун КР Өкмөтүнүн Аппаратына киргизүүнү тапшырды.

 «Айыл чарбасын каржылоо» программасы 7 жыл иштейт.

Бул убакыттын аралыгында 90 миң фермер жалпы суммасы 34 млрд сом болгон жеңилдетилген насыя алды. Жалпы насыянын көлөмүнүн 68% мал чарбачылыгына, 17% – кайра иштетүүгө, калган 15% – айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө багытталды. Ошол эле учурда кредиттик ресурстарга муктаждык көбөйүүдө, ал эми мамлекеттик банктар каржылоо долбоорлорун ишке ашырууда бардык керектөөнү жаба албай жатат. Мисалы, «Айыл Банк» ААКга 2019-жылы насыя алуу үчүн 10504 арыз келип түшкөн, анын 2409у гана жактырылган.

 

Тэги: ФСХ льготные кредиты правительство сельское хозяйство

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу