Өкмөт буудай жана ун сатып алууга 800 млн сом бөлдү. Бул тууралуу айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.
Маалым болгондой, бөлүнгөн каражаттын ичинен бүгүнкү күндө 230 млн сому коротулду.
Белгиленгендей, каражаттар «Айыл чарбаны каржылоо - 8» долбоорунун алкагында бөлүнгөн.