Түштүктөгү ишкерлерге бизнести чукул колдоо долбоору сунушталды

12.05.2022, 14:22 Акчабар
Түштүктөгү ишкерлерге бизнести чукул колдоо долбоору сунушталды

Президенттин Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарында алардын жетекчилеринин Финансы министрлигине караштуу кредиттик линияларды башкаруу бөлүмүнүн кызматкерлери менен жолугушуусу болуп өттү.

Финансы министрлигинин кызматкерлери “Жеке жана каржы секторуна чукул колдоо көрсөтүү” долбоору тууралуу кеңири маалымат беришти.

Белгиленгендей, жеке жана каржы секторуна өзгөчө финансылык колдоо көрсөтүү республиканын 11 коммерциялык банкы аркылуу бүткүл өлкө боюнча ишке ашырылып жатат. Компенсацияланган финансылык жардам көрсөтүү үчүн бөлүнгөн каражаттардын жалпы суммасы 72 миллион долларды түзөт, банктар аны арыз ээлерине 18 айга пайызсыз негизде беришет.

Кошумчаласак, бул каржылык жардам министрлик тарабынан министрлер кабинетинин Кризиске каршы планынын алкагында Дүйнөлүк банктын жана Азия инфраструктуралык инвестиция банкынын каржылык колдоосунда көрсөтүлүп жатат.

Тэги: бизнес экстренная помощь государства экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу