Кыргызстандын ишканалары жумушчуларга эмгек акы боюнча 301,5 млн сом карыз

25.11.2021, 16:14 Акчабар
Кыргызстандын ишканалары жумушчуларга эмгек акы боюнча 301,5 млн сом карыз

Ишканалардын эмгек акы боюнча карызы 1-октябрга карата 301,5 миллион сомду түздү. Мындай маалыматтар Улуттук статистикалык комитеттин акыркы отчетунда келтирилди.

Жалпысынан өлкө боюнча жалпы карыз былтыркы жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 9,3%га азайып, 2021-жылдын сентябрынан бери 2,9%га өскөн.

Эмгек акы боюнча карыздардын жалпы суммасынын олуттуу үлүшү Чуй облусунун ишканаларынын жана уюмдарынын кызматкерлерине тиешелүү, бул бардык эмгек акы боюнча карыздардын 43,5 процентин түздү.

Ошону менен бирге, ушул жылдын октябрь айынан сентябрь айына чейин жумуш берүүчүлөрдүн жумушчуларга болгон карызынын басымдуу бөлүгү Ош облусунда жана Ош шаарында 14,9%га өскөн.

Тэги: зарплаты Кыргызстан долги предприятия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу