Статкомитеттин билдиришинче, ушул жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча, Кыргызстанда эмгек акыга болгон карыз 332 миллион сомду түздү.
Эмгек акыга болгон карыздын жалпы көлөмүнүн олуттуу бөлүгүн Чүй (43,5%), Баткен (12,6%) жана Жалал-Абад (11,2%) облустарынын, ошондой эле Бишкек шаарынын (16,8%) ишканалары жана уюмдары ээлейт.
Талас облусунда мындай карыз катталган жок.