Ушул жылдын 1-ноябрына карата республика боюнча эмгек акыга болгон жалпы карыздын суммасы 318,8 млн сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,7%га азайган. Аны менен бирге эле учурда үстүбүздөгү жылдын октябрына карата 5,7%га өсүш катталган.
Эмгек акыга болгон карыздардын жалпы суммасынын олуттуу бөлүгүн Чүй (42,6%), Баткен (13,5%) жана Жалал-Абад (11,8%) облустарындагы, ошондой эле Бишкек шаарындагы (14,3%) ишканалардын жана уюмдардын кызматкерлерине болгон карыздар түздү.
Кошумчалай кетсек, Талас облусундагы ишканалардын гана өз кызматкерлерине эч кандай карызы жок болгон.