Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчиси болуп Сыймык Жапыкеев дайындалды. Бул тууралуу Финансы полициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон.
Эске сала кетсек, 14-октябрда Садыр Жапаров Финансы полициясынын жетекчиси кылып, Сагынбек Абдылдаевди дайындаган. Ал 2018-жылдын 27-сентябрынан тарта жетекчинин орун басары милдетин аткарып келген. Буга чейин 2018-жылдын 28-апрелинен тарта 2020-жылдын октябрь айына чейин жетекчилик милдетти Бакир Таиров аркалаган.