Бизнес-акыйкатчынын өкүлдөрү Жалал-Абадга барды

21.04.2021, 14:15 Акчабар
Бизнес-акыйкатчынын өкүлдөрү Жалал-Абадга барды

Бизнес-акыйкатчынын орун басары Жалал-Абад облусуна ишкерлерди коргоочунун миссиясы жана ыйгарым укуктары тууралуу презентация менен барганы уюмдун сайтында маалымдалды.

Иш сапардын жүрүшүндө Нурлан Мусуралиев өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү, анын орун басары жана Жалал-Абад облусунун прокурору, ошондой эле ишкерлер жана бизнес өкүлдөрү менен жолугушту.

Анда Робин Орд-Смиттин орун басары ишкерлердин мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракеттерине жана чечимдерине даттануусунун критерийлери жөнүндө айтып берди.

Мындан тышкары, ишкерлерди жана инвесторлорду коргоо, президенттин ишкерлерди жана инвесторлорду коргоо боюнча жарлыктарынын аткарылышы боюнча кызматташуу маселелери талкууланды, ишкерлердин суроолоруна жооп берилди.

Кошумчалай кетсек, тараптар ишкердик субъекттеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жаатында мындан ары тыгыз кызматташуу жөнүндө макулдашты. 

 

Тэги: экономика бизнес-омбудсмен защита предпринимателей Джалал-Абадская область

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу