Ушул аптанын 2-5-ноябрь аралыгында жеңил өнөр жай тармагындагы ата мекендик ишканалар ишкердик максат менен Италиянын Неаполь шаарына барат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Сапардын негизги максаты тигүү жана текстиль өнөр жайы, ошондой эле мода индустриясы боюнча италиялык мыкты адистерден тажрыйба алуу.
“Иш-чаранын жүрүшүндө ата мекендик өндүрүшчүлөр бул жааттагы жаңы технологиялар менен таанышып, заманбап италиялык өндүрүштү, алардын стандарттарын жана автоматташтыруу менен таанышат. Ошондой эле кыргызстандык өндүрүшчүлөр италиялык белгилүү компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушат”, - деп белгилейт Тышкы иштер министрлиги.
Мындан тышкары, бизнес-турдун алкагында биргелешкен кызматташуу маселелерин талкуулап, анын ичинде белгилүү италиялык бренддерди Кыргызстандын базарына тартуу каралууда.
Ошондой эле, тиешелүү келишимдерди түзүү маселелерин талкуулоо үчүн эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалууда.