Тышкы иштер министрлигинин өкүлчүлүгү “Акчабарга” 10 даана чоюн мончодон турган комплект, курулушу пландалып жаткан жаңы имараттын дубалдарына буу тосмо катмары, 400 литрлик электр суу жылыткычы эмне үчүн керек экенин түшүндүрдү.
Биз буга чейин Тышкы иштер министрлигинин түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгү 170 миллион сомдон ашык акчага имарат курууга тендер жарыяланганын жазганбыз.
"Ош шаарында эки имаратты: кабыл алуу үйүн жана мейманкана комплексин куруу пландалууда", - деп билдирди Тышкы иштер министрлиги.