Европа Биримдиги жана Борбор Азия экономикалык форуму премьер-министрлердин деңгээлинде өтөт

03.11.2021, 14:00 Акчабар
Европа Биримдиги жана Борбор Азия экономикалык форуму премьер-министрлердин деңгээлинде өтөт

Бишкекте 5-ноябрда өтө турган Европа Биримдиги жана Борбор Азия экономикалык форуму премьер-министрлердин деңгээлинде болот. Бул тууралуу маалымат жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев билдирди.

Анын айтымында, ага катышууну Казакстан менен Өзбекстандын премьер-министрлери, ошондой эле Түркмөнстан менен Тажикстандын вице-премьер-министрлери ырасташты.

Өз кезегинде Евробиримдиктин атынан форумга Евробиримдиктин вице-президенти Валдис Добровский, бир катар европалык мамлекеттердин тышкы иштер министрлери жана толук ыйгарым укуктуу элчилери катышат.

Ошондой эле ири эл аралык каржы уюмдарынын катышуусу пландалууда. Атап айтканда, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын президенти менен Европа инвестициялык банкынын жетекчилигинин катышуусу күтүлүүдө.

"Бул экономикалык форум координацияланган экономикалык чараларды иштеп чыгууга, коронавирустук инфекциянын кесепеттерин чечүү жолдорун иштеп чыгууга багытталат", - деди Аалиев.
 

 

Тэги: экономический форум Европейский союз Бишкек

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу