Премьер-министр бизнес өкүлдөрүнө 24 саат бою байланышта болорун билдирди

22.02.2021, 08:50 Акчабар
Премьер-министр бизнес өкүлдөрүнө 24 саат бою байланышта болорун билдирди

Премьер-министр Улукбек Марипов атамекендик бизнес-коомчулук өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун негизги максаты катары экономиканы мындан ары карай активдештирүү боюнча демилгелерди жана ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча биргелешкен чараларды талкуулоо болуп саналат.

«Бул жолугушууда катышып жаткандардын ар бири республикабыздын өнүгүүсүнө олуттуу салымын кошкон. Узак убакыт бою биз бизнеске тийиштүү көңүл бура алган жокпуз. Бирок, бул мамилени өзгөртүүгө, мамлекеттик-жеке диалогдун жаңы бизнес-моделдерин ишке киргизүүгө убакыт келип жетти. Биз ишкерлик тармагындагы ачык-айкын эрежелерди камсыздоо үчүн бардык күч-аракетибизди жумшоого даярбыз. Бул ченем жаратуу демилгелерине, ишкерлерге жеке инвестиция тартууга дем берүүгө, инновациялык стартаптарды субсидиялоого, мамлекеттик органдар тарабынан текшерүүлөрдү кыскартуу, укук коргоо жана фискалдык органдар тарабынан бизнеске кысым көрсөтүү фактыларын толугу менен жоюуга тийиштүү», - деди Марипов.

 

Андан сырткары,  Улукбек Марипов бизнес өкүлдөрүнө 24 саат бою байланышта болууга даяр экендигин билдирди.

Тэги: премьер-министр Улукбек Марипов бизнес-коомчулук

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу