Премьер-министр ЕРӨБдүн башчысы менен жолукту

29.04.2021, 09:25 Акчабар
Премьер-министр ЕРӨБдүн башчысы менен жолукту

Премьер-министр Улукбек Марипов менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Борбордук Азия боюнча аймактык директору Нил Маккейн эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчысынын айтымында, Кыргызстан эки тараптуу кызматташтыкты орноткон учурдан тарта Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен биргелешип иштөөнүн оң тажрыйбасына ээ.

"Банктын учурдагы портфели таасирдүү жана 330 млн доллардан ашуун. 44 долбоор ишке ашырылууда. Сиздин ата мекендик ишкерлерге көрсөткөн колдоону жогору баалайбыз. Бирок бул биздин кызматташтыгыбыздын чеги эмес. Биз сиздердин мүмкүнчүлүктөрдү жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн экономикалык кырдаалды турукташтырууга багытталган программаларын бириктире алабыз", - деди премьер-министр.

Нил Маккейн өз кезегинде банктын ишмердүүлүгү жана артыкчылыктары, анын ичинде реформаларды ишке ашырууга көмөктөшүү жөнүндө айтып берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар транспорт жана жол инфраструктурасы, бир катар шаарларда суу менен камсыздоо жана ирригациялык тутумдарды калыбына келтирүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

 

Тэги: Улукбек Марипов дорожная инфраструктура ЕБРР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу