Премьер-министр: «Коопсуз шаар» долбоору жол кыймылындагы маданиятты көтөрүүдө»

11.12.2019, 12:36 Акчабар
Премьер-министр: «Коопсуз шаар» долбоору жол кыймылындагы маданиятты көтөрүүдө»

«Коопсуз шаар» долбоору жол кыймылынын катышуучуларынын маданиятын көтөрүүнү шарттады деп билдирет ремьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев ИИМдин Санариптешкен командалык борборундагы өткөн жыйында.

Иш-чарада «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи баскычын жүзөгө ашыруу маселеси талкууланды.

«Акыркы эки жылда республикада мамлекеттик кызматтарды жана процесстерди санариптештирүү саясаты жүрүүдө, санариптик технологияларды ишке киргизүү боюнча жумуштар аткарылып жатканын билдирди. Жаңы мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу колдонуу үчүн   мамлекеттик башкарууда, бизнесте, коомдо, социалдык чөйрөдө жаңыланууларга жөндөмдүү жана аны кабыл алууга даяр жаңы чөйрөнү түзүү керек. Эки жылдан бери республикада санариптештирүү боюнча иштер активдүү жүргүзүлүүдө. Өкмөттүн алдына чоң милдеттер коюлган», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев. 

Мухаммедкалый Абылгазиев учурда «Коопсуз шаар» долбоорунун 7 облусту, республикалык маанидеги 2 шаарды, облустук жана райондук маанидеги 15 калааны, 73 калктуу пунктту камтый турган негизги этабын ишке ашырууга даярдык көрүлүп жатканын айтты.   

«Мамлекеттин негизги милдеттеринин бири - бул ар бир жарандын эркиндигин, укуктарын жана жеке мүнөздөгү маалыматтарын коргоо. Ошондуктан жеке маалыматтарды мыйзамсыз аракеттерден коргоону камсыз кылуу зарыл. Жарандын макулдугусуз жеке маалыматтарды жайылтуу фактылары болбош керек. Мен 2020-жылдын 1-февралына чейин жарандардын жеке маалыматтарын коргоо боюнча мамлекеттик органды түзүү тапшырмасын койом» - деди Өкмөт башчы. 

 

Тэги: жол кыймылы коопсуз шааар премьер-министр

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу