КР Премьер-министри Сауд өнүктүрүү фондунун өкүлү менен жолукту

10.09.2019, 15:41 Акчабар
КР Премьер-министри Сауд өнүктүрүү фондунун өкүлү менен жолукту

КР Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Юсуф бин Ибрагим Аль-Бассам менен жолукту. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Өкмөт башчы маданият менен диндин жалпылыгы, руханий, адеп-ахлактык баалуулуктар, ошондой эле өз ара кызматташууга ак ниет менен умтулуу  Кыргызстан жана Сауд Арабиясын бириктирип турарын белгиледи.

«Биз сиз менен көрүшүп жатканыбызга кубанычтабыз. Биздин өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө аракеттешип, айыл чарба, саламаттык сактоо, суу менен камсыз кылуу, ирригация, мектептерди менен жолдорду куруу тармагындагы бир катар долбоорлорду колдогондугуңуз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Баткен жана Талас облустарындагы 61 айылды камтыган, суу менен камсыз кылуу жана санитарияны жакшыртуу боюнча долбоорго кол коюлгандыгына кубанычтабыз», – деп Премьер-министр белгилеп, Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында  Президент Сооронбай Жээнбеков ирригация, билим берүү, калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл буруп жатканын айтты.  Бул маселелер Өкмөттүн артыкчылыктуу багыттарынан.

Мухаммедкалый Абылгазиев кыргыз тарап биргелешкен долбоорлор менен иштешүүгө даяр экенин жана мындан ары Сауд өнүктүрүү фондунун линиясы боюнча кызматташууну кеңейтүүгө ишенимин билдирди.

Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директорунун кеңешчиси Юсуф бин Ибрагим Аль-Бассам жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычык билдирди.

 

Тэги: Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстан Саудовский фонд развития

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу