Премьер-министр «Текстильтранс» компаниясынын иши менен таанышты

11.02.2020, 13:30 Акчабар
Премьер-министр «Текстильтранс» компаниясынын иши менен таанышты

Премьер-министр Мухаммедкалый Аблыгазиев Чүй облусуна жасаган иш сапарынын жүрүшүндө «Текстильтранс» компаниясынын иши менен таанышты. 

Өкмөт башчы ишканага барып, фабриканын өндүрүш цехин көрдү. 

Андан соң премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Токмок шаарындагы кудуретсиз абалда турган «Кыргыз-Кытай кагаз фабрикасы»  ААКтын аймагына барды.  

Өкмөт башчыга мүлктүк комплексти ишке ашыруунун эсебинен банкрот абалдагы кагаз фабриканын бюджеттик карызын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалымат беришти. Кудуретсиз фабриканын өндүрүш имаратын ижарага алган «Текстильтранс» компаниясы мүлктүк комплексти алууга ниеттенип жатканын жана текстиль өндүрүшүнүн толук циклин уюштурууну пландап жатат. 

Учурда «Текстильтранс» компаниясынын жалпы аянты 25 000 кв.м. болгон үч фабрикасы бар, ал жакта 550дөн ашык адам иштейт. Ишкана кездеме, трикотаж жана токулган байпактарды өндүрүү, дүңүнөн иштетүүгө адистешүүдө.    

Өкмөт башчы бюджеттик карызды кайтаруу процессин тездетүү жана өлкөнүн, улутттук экономиканын экспорттук дараметин бекемдөөдөгө салым кошо турган, ата мекендик текстиль өнөр жайынын флагманын бири болгон текстилдик-тигүүчү «Текстиль Транс» ишканасын кеңейтүүну колдоого жардам көрсөтүү керектигин белгиледи. 

Премьер-министр жетекчилерге ишкананын бадык маселелерин чечүүнү өзгөчө көзөмөлгө алуу тапшырмасын берди.

Тэги: премьер-министр Текстиль Транс иш сапар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу