Президент: 20 шаарды өнүктүрүү үчүн каражат табылды

31.08.2020, 08:50 Акчабар
Президент: 20 шаарды өнүктүрүү үчүн каражат табылды

«Аймактарда жаңы жумушчу орундарды түзө турган абдан чоң потенциал бар», — деп баса белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков 29-августта, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде. 

Мамлекет башчысы белгилегендей, аймактарда абдан чоң мүмкүнчүлүктөр бар.

«Мына ушуга чейин жетип калганбыз, кээ бир айылдарда иштерди жасай турган жаштар калбай калган. Аймактарды өнүктүрүү программасынын алкагында сыртка кеткендерди алып келебиз деп айта албайм, бирок кийинки муунга жумуш орундарын түзүп, кармап калууга жана айылда эмгектенүүгө мүмкүнчүлүк беребиз», -  деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Аймактарды өнүктүрүү программасы кабыл алынган, ага ылайык, 20 шаарды алып, Бишкек, Ош шаарындай шарт түзүп, ал 20 шаардын тегерегинде элди кармап калуу. Ошол жерде социалдык жактан кызмат көрсөтүү – медицина, билим берүү, социалдык коргоо, мамлекет жасай турган бардык иштерге каражатты ошол жактарга бөлүп, элдин жашоосуна шарт түзүү.

«Жетишкендигибиз - ушул 20 шаарды өнүктүрүүгө багытталган программаны ишке ашырууга каражат табылды. Ошол жерлерде - 20 шаардын тегерегинде, облус борборлорунда, чоң шаарларда, өнөржай ишканаларын көбөйтөбүз. Бизнес барып, жумушчу орундары түзүлө баштайт. Окуу жайларынын, саламаттык сактоо тармагынын сапатын жакшыртууга, кайра иштетүү өнөр жайын жолго коюуга аракет кылабыз», - деп өзгөчө баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Тэги: президент шаар өнүктүрүү программа

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу