Президент аткаруу бийлигинин иши аксап жатканын айтты

23.06.2022, 11:30 Акчабар
Президент аткаруу бийлигинин иши аксап жатканын айтты

Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун, Минкаб мүчөлөрүнүн, президенттин администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин, мамлекет башчысынын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өлкө башчынын расмий сайтында жарыяланды.

Анда региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн маселелери, президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдери менен тапшырмаларынын жер-жерлерде ишке ашырылуусунун жүрүшү каралды.

Ошондой эле, региондор алдында турган тапшырмалар менен жакынкы мезгилдеги пландары, жер-жерлердеги тезинен чечүүнү талап калган көйгөйлүү маселелер талкууланды.

Мамлекет башчы аткаруу тартиби аксап жатканын белгилеп, конкреттүү багыттар боюнча президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана район акимдери менен айыл өкмөт башчыларынын чабал ишинин айрым учурларына токтолду.

Садыр Жапаров ошондой эле жер-жерлерде туризм чөйрөсүн мындан ары өнүктүрүү жана уставдык капиталы 1 млрд сомго жеткен Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду менен тыгыз өз ара аракеттенүү маселесине көңүл бурду.

Садыр Жапаров жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчиликсиз ишине жол берилбесин белгилеп, борбордук бийликтин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөөнү күчөтүүнү тапшырды.

Мамлекет башчысынын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жер-жерлерде күндөлүк турмушуна зарыл маселелерин ыкчам чечүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Тэги: кеңешме президент минкаб

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу