Президент экономикага өзгөчө абал киргизүү боюнча мыйзамга кол коюудан баш тартты

24.01.2022, 15:00 Акчабар
Президент экономикага өзгөчө абал киргизүү боюнча мыйзамга кол коюудан баш тартты

Президент Садыр Жапаров экономикага өзгөчө абал киргизүү боюнча мыйзамга кол коюудан баш тартты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Дастан Бекешев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тарабынан демилгеленген бул документ талашка айланганы айтылды. Маалым болгондой, мамлекет башчысы документти кайра карап чыгуу үчүн эки жолу парламентке кайтарган.

"Президент мыйзам долбоорунан таптакыр баш тартты. Президенттин каршы пикирине Жогорку Кеңеш эки жолу макул болгон. Ал эми үчүнчү жолу бул мыйзам долбоорунун кереги жок деп айтты. Анын азыр министрлер кабинетине да, президентке да кереги жок. Анын айынан көп убакыт текке кетти", - деди Бекешев.

Эске салсак, мыйзам долбоору министрлер кабинетине бюджеттин кирешелеринин жана чыгашаларынын 20 пайызын Жогорку Кеңеш менен макулдашпастан башкарууга, ошондой эле салыктын ставкаларын өзгөртүүгө, соода түйүндөрүнүн кассаларынан акча каражаттарын алууга, салык режимин өзгөртүүгө, парламенттин макулдугусуз бюджетке болгон карыздарды реструктуризациялоого, мамлекеттик сатып алуулардын өзгөчө тартибин киргизүүгө жол берген.

 

Тэги: экономика ЧС мыйзам ЖК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу