Президент: Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлеринин эмгек акылары 100 % көтөрүлдү

09.04.2021, 13:00 Акчабар
Президент: Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлеринин эмгек акылары 100 % көтөрүлдү

Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлеринин эмгек акылары 100 пайызга 1-апрелден баштап көтөрүлдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди. 

Ошону менен катар эле калган медицина кызматкерлери менен маданият кызматкерлеринин эмгек акылары дагы 50 пайызга көтөрүлөт.

«Ал эми калган медицина кызматкерлери менен маданият кызматкерлеринин эмгек акылары 1-июлдан баштап 50 пайызга көтөрүлөт. Башка тармактардагы мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акыларын жана пенсия-пособиелерди жогорулатуу боюнча булактарды издеп жатабыз. Ушинтип четинен каржылоо булактарды таап, көтөрүп турбасак, баарын бир мезгилде көтөрүүгө бюджетибиз туруштук бере албайт экен», - деп билдирген президент. 

 

Андан сырткары президент, медицина кызматкерлеринин иши абдан оор болгондуктан, эмгек акылары көтөрүлүп жатат, деп кошумчалаган. 

 

«Кудай буюрса, эмгек акыларды, пенсия-пособиелерди жетиштүү деңгээлге чейин көтөрүүгө жетишебиз.
Эмне үчүн биринчи кезекте медицина кызматкерлеринин эмгек акылары көтөрүлүп жатат деген суроо туулушу мүмкүн.
Биринчиден, албетте, медицина кызматкерлеринин иши абдан оорлоду.
Экинчиден, өлкө боюнча 3000 дарыгердин орду бош турат. Эмгек акынын аздыгынан кызматтан баш тартып кетишкен экен. Ошол себептен шарт түзүп берүү жолу менен баарын кайтарып келишибиз керек», - деп кошумчалаган президент. 

 

 

 

 

Тэги: президент Садыр Жапаров айлык акы каражат

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу