Казак президенти бажыдагы жүктөрдүн кармалышы боюнча көйгөйдү чечүүгө чакырды

09.12.2022, 16:17 Акчабар
Казак президенти бажыдагы жүктөрдүн кармалышы боюнча көйгөйдү чечүүгө чакырды

Быйыл январь-октябрь айларында Казакстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү 7%дан ашып, 23 млрд долларды түзгөн. Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Бишкекте өтүп жаткан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында билдирди.

Ал туруксуз экономикалык кырдаалга карабастан, ЕАЭБде ири долбоорлор ишке ашырылып, өз ара эсептешүүлөрдө улуттук валюталардын үлүшү өсүүдө.

“Мындай позитивдүү динамика өз ара аракеттенүүнүн жогорку деңгээлин жана биздин интеграциялык өнөктөштүгүбүздүн олуттуу потенциалын ачык көрсөтүп турат. Учурдагы геосаясий туруксуздуктун шартында биз үчүн экономикалык байланыштарды сактоо жана чыңдоо, ошондой эле соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн күч-аракеттерди бириктирүү өтө маанилүү”,-деди Касым-Жомарт Токаев.
 

Касым-Жомарт Токаев 2023-жылы дүйнөлүк экономиканын өсүшү боюнча эл аралык уюмдар “чеке жылытпаган божомолдорду” айтып жатканын эске салып, дүйнөлүк инфляциянын ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасына терс таасирин азайтууга көңүл бурууга чакырды.

“Божомолдор көңүл жылытарлык эмес. Эл аралык валюта фонду дүйнөлүк экономиканын өсүү болжолун 2,7%, Дүйнөлүк соода уюму 1%га чейин төмөндөттү. ЕАЭБдин маалыматы боюнча, керектөө бааларынын өсүшү уланууда. Октябрда инфляция (ЕАЭБде) 11,5% түздү. Анын олуттуу үлүшү тамак-аш жана азык-түлүк эмес товарларга туура келет. Бул жарандардын сатып алуу жөндөмдүүлүгүнө терс таасирин тийгизүүдө. Албетте, санкциялык чектөөлөр ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүнүн экономикасына кандайдыр бир басым жасап жатат”, - деди ал.

Ошондой эле, казак өлкө башчысы чек аралардагы унаалардын тыгыны, кечигүү маселесин чечүүгө жана навигациялык пломбаларды киргизүүнү тездетүүгө чакырды.

“Биздин интеграциялык өнөктөштүктүн натыйжалуулугу түздөн-түз ЕАЭБдин “төрт эркиндик” принцибинин сакталышынан көз каранды. Алардын бири - товарлардын кыймылынын эркиндиги. Биздин бирдиктүү бажы аймагыбыз аркылуу транзиттик товарларды алып өтүүгө чектөөлөрдү, квоталарды жана кармоонун бардык учурларын жоюу зарыл. Казакстан тарабынан товарлардын өтүүсүн басаңдатуу тууралуу сөз болушу мүмкүн эмес. Мындай чектөөлөр ЕАЭБ алкагындагы экономикалык кызматташтыктын максаттарына жана рухуна туура келбейт. Казакстан бардык чараларды көрүп, биримдиктин бардык мүчөлөрүнүн кызыкчылыгына карап иш алып барат”, - деди Казакстандын президенти.

Тэги: новости Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу