Президент менен тышкы иштер министри 2020 - жылдын артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты

11.02.2020, 10:20 Акчабар
Президент менен тышкы иштер министри 2020 - жылдын артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты

Президент Сооронбай Жээнбеков 10-февралда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды.

Жолугушууда, Кыргызстандын 2019-жылдагы тышкы саясаттагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары, 2020-жылга карата артыкчылыктуу багыттары жана милдеттери талкууланды.

Сооронбай Жээнбеков 2020-жылга карата артыкчылыктуу багыттар катары катары өлкөнүн тышкы саясатындагы негизги багыттарды ишке ашырууну, жакынкы өнөктөш өлкөлөр жана алыскы чет мамлекеттер менен эки тараптуу мамилелерди түзүүнү жана бекемдөөнү атады.

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков өткөн жыл тышкы саясаттын күн тартиби абдан тыгыз болгондугун белгиледи — бир катар ири эл аралык иш-чаралар ийгиликтүү өткөрүлдү, өлкөгө чет мамлекеттердин башчыларынын визиттери болду.

2020-жылдын эл аралык күн тартибиндеги эң негизги окуялардын бири — Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы жылы болуп саналары айтылды.

Ошондой эле, ал Мамлекет башчысынын үстүбүздөгү жылдагы чет өлкөгө сапарларына карата даярдыктардын жүрүшү тууралуу маалымдады.

Президент Сооронбай Жээнбеков бул ишке тартылган түзүмдөрдүн өз ара тыгыз аракеттенүүсүн жана 2020-жылга карата тышкы саясат боюнча пландаштырылган бардык иш-чараларды сапаттуу иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

 

 

Тэги: приоритетные задачи 2020 год встреча президент КР глава МИД КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу