Президент: «Өлкөдө реформаларды ийгиликтүү ишке ашыруу адилеттүү сот системасынан көз каранды»

09.01.2020, 14:45 Акчабар
Президент: «Өлкөдө реформаларды ийгиликтүү ишке ашыруу адилеттүү сот системасынан көз каранды»

8 - январда президент Сооронбай Жээнбеков, Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жыйналыш өткөрдү. Бул маалымат президенттин сайтында жайгашкан. 

Жыйын учурунда, президент Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо деп жарыяланган жылдын алкагында пландалган иш-чараларды өз убагында жана сапаттуу ишке ашыруу зарылдыгына көңүл бурду. Ал мамлекеттин бакубатчылыгы үй-бүлөнүн бакубатчылыгынан түздөн-түз көз каранды экенин белгиледи. Үй-бүлөнүн пайдубалын бекемдөөгө ар дайым кылдат көңүл буруу, эне жана баланы социалдык жана укуктук жактан коргоону камсыз кылуу чоң мааниге ээ.

«Бүгүн өлкөбүздө ишке ашырылып жаткан санариптик трансформация бизге мамлекет менен жеке сектор жана жарандардын ортосундагы өз-ара карым-катнаштын жаңы платформаларын түзүүгө мүмкүндүк берет. Ошондуктан, бул багытта алдыбызга койгон дымактуу милдеттер аткарылышы керек», — деп айтты Президент Сооронбай Жээнбеков.

Санариптештирүү мамлекеттик органдардын натыйжалуулугун жогорулатып, коррупциянын деңгээлин кыскартат. «Биздин жеке тажрыйбабыз көрсөткөндөй, өлкөдө реформаларды ийгиликтүү ишке ашыруу адилеттүү сот системасынан көз каранды. Биз баштаган соттук-укуктук реформаны улантышыбыз керек», — деп белгиледи Президент.

Биринчи кезектеги милдеттердин катарында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Кайчылаш жылынын жана Улуу Ата мекендик Согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгынын алкагында өтө турган иш-чаралар аныкталды.

 

 

Тэги: приоритетные направления 2020 год президент КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу