Президент окуучунун ата-энесинен акча чогултуу демилгесине каршы

13.08.2021, 10:40 Акчабар
Президент окуучунун ата-энесинен акча чогултуу демилгесине каршы

Президент Садыр Жапаров окуучунун ата-энесинен акча чогултуу демилгесине караманча каршы. Бул тууралуу 13-августта президенттин аппаратынын маалымат кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Билим берүү жана илим министрлигинин ата-энеден акча чогултуу демилгеси мамлекеттик саясаттын коррупцияга каршы күрөшүү жаатындагы негизги багыттарына каршы келерин белгиледи:

“Андан сырткары, буга окшогон кошумча төлөм механизми билим берүү тутумун жакшыртууга эч кандай реалдуу пайда алып келбейт. Ал тескерисинче, окуучулардын ата-энелерине жүктөлгөн оор жүк болуп калат. Мамлекет башчысы жалпы билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча жыйноолордун эч бирине жол берилбестигин бир нече ирет белгилеп өткөн. Мектептерде ар кандай максаттарга, ар кандай шылтоо менен акча жыйноого кескин түрдө тыюу салынышы керек”.

5-августта билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев ата-энелерден билим мекемелерине колдоо көрсөтүү максатында бир жылда бир жолу акча чогултуп туруу, мисалы, Бишкекте 1000 сомдон, башка аймактарда 800 сомдон алып туруу сунушу талкууга коюлганы жатканын айткан.

Тэги: экономика школы президент Минобразование

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу