Асрандиев: «Мамлекеттик бюджеттин  болбогон чыгашалары убактылуу токтотулду»

13.04.2020, 09:45 Акчабар
Асрандиев: «Мамлекеттик бюджеттин  болбогон чыгашалары убактылуу токтотулду»

Президент Сооронбай Жээнбеков, 12-апрелде вице-премьер-министр Эркин Асрандиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалат. 

Жолугушууда Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик органдар тарабынан биринчи кезекте азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого, өлкөдөгү ишкерликтин активдүүлүгүн колдоого жана социалдык аялуу жана убактылуу жумушсуз калган жарандарга көңүл бурулушу керектигин билдирди. 2020-жылдын аягына чейин кризиске каршы чараларды жана анын кесепеттерин аныктап, өлкө экономикасын өнүктүрүүнүн ар кандай сценарийлерин иштеп чыгуу пландары коюлду. 

«Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу мамлекеттик бюджеттин  болбогон чыгашалары убактылуу токтотулду», — деп билдирди Эркин Асрандиев. 

2020-жылдын январь–март айларында экономикалыш өсүш 1,5%ды түзүп, былтыркы жылдын ушул көрсөткүчтөрүнөн 3,9%дык пунктка төмөн болду. Экспорттун төмөндөгөнү жана айрым социалдык мааниге ээ товарларга баалардын көтөрүлүп жатат. Учурда бюджетти колдоо үчүн кошумча каражаттарды тартуу улантылып жатат.

Өлкөдөгү чакан жана орто бизнести колдоо боюнча өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат президентке айтылды.

Муну менен бирге президент  тартылган каржылык жана гуманитардык жардамдарды координациялоо иштерин, анын ичинде жергиликтүү бийлик менен өз ара аракеттешүүнү күчөтүү маанилүү экендигин белгиледи.

 

 

Тэги: поддержка бизнеса местные предприниматели экономика короанавирус

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу