Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоодо добуш берди

04.10.2020, 09:20 Акчабар
Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоодо добуш берди

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-октябрда, саат 09.00дө  шайлоодо добуш берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Мамлекет башчысы өзүнүн жарандык милдетин аткарды. Ал Бишкек шаарындагы А.Молдокулов атындагы № 5 улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде жайгашкан № 1327 шайлоо участогуна барып добуш берди.

«Шайлоо өнөктүгү аяктап, добуш берчү күн да келди. Биз шайлоонун адилет өтүшү үчүн баарын жасадык. Бардык партияларга бирдей шарт түзүлдү. Бир дагы партияга артыкчылык берилген жок, бир дагы партияга кысым көрсөтүлгөн жок. Жаңы партиялардын шайлоого тең ата катышуусу үчүн мүмкүнчүлүк түзүлдү», — деп баса белгиледи президент. 

Президент ошондой эле шайлоо өнөктүгүн тең салмактуу, объективдүү, ар тараптуу чагылдыргандыгы үчүн журналисттерге ыраазычылык билдирди.

«Силердин ишиңер аркылуу биздин өлкөдө чыныгы сөз эркиндиги бар экендигин баары тең көрө алды. Мен Президент катары ушул шайлоолордун ачык, адилеттүү өтүшү үчүн мыйзам алкагындагы бардык милдеттеримди аткардым», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы кыргызстандыктарга дагы бир жолу кайрылып, бүгүн өлкөнүн жакынкы беш жылдыктагы эле тагдыры чечилбестигин белгиледи.

«Мен мекендештериме дагы бир ирет, буга чейин айтып келген чакырыктарымды кайталап кетейин. Бүгүн баарын тең шайлоочунун добушу чечет. „Менин добушум эмнени чечет эле“ деген кайдыгерлик менен кол шилтеп койбой, ар бирибиз үйдөн чыгып, өз добушубузду берели. Биздин шайлообузга өлкөбүздүн жарандары гана эмес, дүйнө коомчулугу назар салып турат. Добуш берүүнүн жыйынтыгы эч кимдин шек саноосун жаратпашы керек. Биз үчүн коомдун стабилдүүлүгү, элибиздин тынчтыгы — баарынан бийик. Жогорку саясий маданиятыбызды көрсөтөбүз  деп үмүттөнөм. Ушул шайлоо — мекенибизге дагы бир, кошумча эл аралык аброй алып келет деп ишенем „, — деп жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

 

 

Тэги: президент КР выборы ЖК КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу