Президент: «Жемкорлорду дароо эле абакка отургузуу керек эмес. Аны менен маселе чечилип кетпейт»

12.02.2020, 11:30 Акчабар
Президент: «Жемкорлорду дароо эле абакка отургузуу керек эмес. Аны менен маселе чечилип кетпейт»

Экономикалык кылмыштар үчүн дароо эле абакка отургузуу керек эмес. Бул тууралуу бүгүн, 12 - февралда президент Сооронбай Жээнбеков, туруктуу өнүгүү боюнча Улуттук комитетине караштуу Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин экинчи жыйынында билдирди. 

Президент бюджетке келтирген зыянды кайра калыбына келтирүү механизми менен иш алып барууну жана экономикалык кылмыштуулукка баргандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу керек экендигин билдирди. 

«Менин билишимче, бул жол аркылуу мамлекеттин кызыкчылыгы жана бир дагы жаран жапа чекпейт», — деп айтты Сооронбай Жээнбеков. 

Кылмыш ишти текшерүү учурундагы тартип жана принциптерди тактоого башкы прокуратурага тапшырма берилди. 

«Прокуратура органы ишкер менен текшерүүчү органдын ортосуна, негизсиз текшерүүлөргө жол бербей, фильтр болуусу керек», —  деп кошумчалады президент. 

Өлкө башчы укук коргоо органдары, кызмат ордунан кыянаттык менен пайдаланып, коррупция менен күрөшүп жатабыз деп бизнеске ашыкча тоскоол болуп жаткандары тууралуу маалымат бар экендигин билдирди. 

 

 

Тэги: президент Сооронбай Жээнбеков абак жемкорлук

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу