Президент мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга 2,3 млн. сом бөлдү

04.12.2019, 09:34 Акчабар
Президент мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга 2,3 млн. сом бөлдү

Президентке караштуу Билим берүү фондунан Кыргызстандын аймагындагы ондогон уюмдарга 100 миң сомдон берилмей болду.

Сооронбай Жээнбеков мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам көрсөтүү үчүн 2 миллион 300 миң сом бөлүп берүү боюнча буйрукка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Каражат президентке караштуу Билим берүү фондунан балдарга реабилитациялык жана социалдык адаптация боюнча жардам берген коомдук уюмдарга берилет.

Буйрукка ылайык, республиканын бардык аймактарындагы 23 коомдук мекеменин ар бирине 100 000 сомдон бөлүндү.

 


 

 

Тэги: мүмкүнчүлүгү чектелген балдар президент балдар жардам

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу