Президент чет элдиктер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн жогорулатуу боюнча мыйзамга кол койду

18.11.2021, 09:40 Акчабар
Президент чет элдиктер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн жогорулатуу боюнча мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди. 

Мыйзамдын максаты Кыргызстанда убактылуу жүргөн чет элдик жарандардын учурдагы 3% өлчөмүндөгү камсыздандыруу төгүмдөрүн Кыргыз Республикасынын жумушчу-жарандары үчүн 27,25% өлчөмүндө белгиленген камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерине теңдөө болуп саналат.

"Мыйзам Кыргыз Республикасынын жарандары менен чет элдик жарандардын социалдык камсыздандыруу жаатындагы милдеттерин бирдей аныктоого багытталып, бул аларга кийин пенсиялык камсыздалуусуна бирдей укук берет", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, чет элдик жарандардын социалдык камсыздандыруу системасына толук кандуу катышуусунун эсебинен пенсиялык системанын труктуулугу күчтөндүрүлөт.

Тэги: страховые взносы Кыргызстан иностранцы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу