Президент Кумтөрдүн каржылык отчетун текшерүүнү тапшырды

10.05.2022, 11:49 Акчабар
Президент Кумтөрдүн каржылык отчетун текшерүүнү тапшырды

Президент Садыр Жапаров Эсеп палатасына Кумтөр кенинин жылдык финансылык жана башка ишмердүүлүгүн текшерүүнү тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчы социалдык тармактарга жазды.

Ал бир жыл мурун, 2021-жылдын 17-майында "Кумтөр Голд Компани" ЖАКта тышкы башкаруу киргизилгенин эске салды.

"Туура бир жыл өттү. Текшерүү аяктагандан кийин (эки айга жакын) элге отчет берилет", — деп жазган Садыр Жапаров.

Апрель айында Кыргызстан менен “Центерра Голд Инк” ортосунда “Кумтөр” долбоору боюнча талаш-тартышта жарашуу келишими түзүлгөнү белгилүү болгон. Келишимге ылайык, Кыргызстан "Центерранын" 26%га жакын үлүшүнөн баш тартып, "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтагы бардык укуктарды алат.

Тэги: Садыр Жапаров Кумтор Счетная палата

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу